Жарыяланган
2025-05-05, 14:13Быйыл январь-март айларында унаанын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алган жарандар өлкө бюджетине 180 млн 240 миң сом төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.
Былтыркы жылдын үч айында унаасынын айнектерин караңгылаткысы келгендер азыраак болгон. Себеби анда бюджетке 65 млн 50 миң сом түшкөн.
Эскерте кетсек, учурда унаанын каптал айнектерин караңгылатууга уруксаттын баасы жарандар үчүн 50 миң сом, юридикалык жактар үчүн 70 миң сом жана резиденттер эмес үчүн 90 миң сомду түзөт. Уруксатт бир жылга берилет.