Жарыяланган
2025-05-08, 17:16Мамлекеттик ипотекалык компания 2024-жылдагы кирешесин толугу менен жалгыз акционери болгон президенттин иш башкармалыгына берет. Мындай чечим акционерлердин жалпы жыйынында кабыл алынганы тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Кирешенин жалпы суммасы 314.5 миллион сомду түзөт. Анын жарымы акчалай, калган жарымы жер тилке түрүндө берилет.
Эске салсак, Мамлекеттик ипотекалык компания - 100% үлүшү мамлекетке таандык ачык акционердик коом. Ал 2015-жылы түзүлгөн.