Akchabarsearch
    Бишкекте мыйзамсыз иштеген эмерек ишканалар аныкталды

    Жарыяланган

    2025-01-08, 09:00

    Бишкекте мыйзамсыз иштеген эмерек ишканалар аныкталды

    Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан эмерек ишканалары аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

    Маалыматка ылайык, салыкчылар борбор калаанын Биринчи май районундагы эмерек жасаган сегиз ишкананын өндүрүш жайларын жана кампаларын текшерип, алардын ичинен экөө салык органдарында каттоодон өтпөгөнүн, тиешелүү документтери жок экенин аныктаган. Аларга тиешелүү актылар түзүлгөн. 

    Салык кызматы билдиргендей, быйыл алты айда өлкөдө уруксат берүүчү документтерисиз жана салык органдарында каттоосуз иштөөгө байланыштуу 1 миң 458 мыйзам бузууну аныктаган. Натыйжада 1 миң 204 айып пул салынып, анын жалпы суммасы 1.8 млн сомдон ашкан.  


    Тектеш материалды окуу