Жарыяланган
2025-16-07, 13:13Жалал-Абад шаарында бардык талаптарга жооп берген жаңы заманбап №1 поликлиникасынын курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бул долбоор 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, ал эми тендердик баасы 156 миллион сомду түзгөн.
Имараттын курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан катуу көзөмөл алдында жүргүзүлүүдө. Үч кабаттуу медициналык мекеменин жалпы аянты 3141 чарчы метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө долбоордун 87% бүттү. Поликлиниканы 2025-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.