Akchabarsearch
    Такси айдоочулары 1-декабрга чейин лицензия алышы керек

    Жарыяланган

    2025-19-08, 10:24

    Такси айдоочулары 1-декабрга чейин лицензия алышы керек

    Быйыл 22-августтан тарта такси ишмердүүлүгүн милдеттүү түрдө лицензиялоо күчүнө кирет. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин ЖКККББсынын транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Нурдин Самбаев билдирди.

    Анын айтымында, лицензиялоо 22-августтан тарта 1-декабрга чейин уланат. Андан кийин  стационардык посттордо, автовокзалдарда мамлекеттик органдар менен биргеликте уюштурулган рейддер жүргүзүлөт.

    Лицензиясыз иштеген айдоочуларга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом өлчөмүндө айып пул каралган.

    Ал эми, лицензиясы бар унаалар милдеттүү түрдө техникалык кароодон өтүшү зарыл. Ал эми, айдоочулар медициналык кароодон жана айдоо тажрыйбасына байланыштуу текшерүүдөн өтөт.

    Автоунаанын салонунда айдоочунун сүрөтү, унаанын номери жана ташуучунун маалымат тактасы жайгаштырылат. Ошондой эле, жүргүнчүлөр нааразычылыгын билдире ала турган WhatsApp номер иштейт.

     


    Тектеш материалды окуу

    • Такси айдоочулары 1-декабрга чейин лицензия алышы керек

      Быйыл 22-августтан тарта такси ишмердүүлүгүн милдеттүү түрдө лицензиялоо күчүнө кирет. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин ЖКККББсынын транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Нурдин Самбаев билдирди.
      2025-19-08 04:24:47