Жарыяланган
2024-09-09, 17:38Каржы министрлигинде "Камбар-Ата ГЭС-1 долбооруна техникалык жардам көрсөтүү үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча кредиттик жана гранттык макулдашууларга кол коюу аземи өттү. Каржылоо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) тарабынан жалпы суммасы 13,6 миллион долларды түзөт.
Долбоор Камбар-Ата ГЭС-1дин техникалык-экономикалык негиздемесин жаңыртууну аяктоо, экологиялык жана социалдык изилдөөлөрдү жаңыртуу, өнүктүрүү моделин жана каржылоо планын иштеп чыгуу үчүн кошумча каржылоону камсыздоо максатын көздөйт.
Анын алкагында гидроэлектростанциянын сапаттуу курулушун камсыздоо үчүн физикалык моделдөө, жерди изилдөө жана керектүү лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлөт.
Каржылоонун жалпы суммасы 13,6 миллион долларды түзүп, анын 2,6 миллион доллары грант түрүндө, 11 миллион доллары насыя катары берилет.