Жарыяланган
2025-15-07, 13:58Жалал-Абад облусунун Бурганды-Достук аймагына караштуу Жаңы-Арык айылында мал базар салынат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Жергиликтүү шаар куруу жана архитектура департаменти буга чейин билдиргендей, мал базар курулуучу жер тилкеси 10 гектарды түзөт. Анда 437 унаага ылайыкталган машина токтоочу жай, 72 оор жүк ташуучу унаа үчүн парковка пландалган.
Ошондой эле малды сатыкка коюу үчүн бастырмалар каралат.
Тендерге 79,8 млн сомдой кетет деп пландалууда.
Тиешелүү арыздарды кабыл алуу 29-июлда аяктайт.