Akchabarsearch
    Ош облусунда 27 млн долларлык тигүү фабрикасы ачылды

    Жарыяланган

    2024-18-11, 11:25

    Ош облусунда 27 млн долларлык тигүү фабрикасы ачылды

    “Евразия Групп” компаниясы Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен USAID аркылуу жаңы тигүү фабрикасын расмий түрдө ачты. Бул тууралуу USAID билдирди.

    Ишкана 600 жумушчу орундарын түзүп, Кыргызстандын дүйнөлүк рыноктордогу катышуусун кеңейтет деп күтүлүүдө.
    “Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров жана USAIDдин Кыргызстандагы Миссиясынын директору Сара Верт катышты. 

    “Тигүү фабрикасы жалпы инвестициянын көлөмү 27 млн доллардан ашкан кең текстиль жана тигүү комплексинин бир бөлүгү болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта. 

    “Евразия Групп” жаңы ишканага 3,4 млн доллардан ашык инвестиция салды, ал эми USAID продукциянын сапатын жакшыртуу, натыйжалуу өндүрүш процесстерин түзүү, веб-сайтты түзүү жана мода хакатонун уюштуруу үчүн техникалык жардам көрсөттү.

    Ишкана толук кандуу ишке киргенден кийин өз продукциясын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкага, Европа Биримдигине жана КМШга экспорттоону пландоодо. Учурда ишканада 160тан ашык тигүүчү эмгектенип, ишмердүүлүгүн активдүү кеңейтүүдө. 


    Тектеш материалды окуу