Жарыяланган
2024-18-10, 10:46Сокулук районунда булгаары заводу жана бут кийим фарбрикасы курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, булгаары завод күнүнө 15 тонна, жылына 4 миң тонна терини кайра иштетүүгө, бут кийим фабрикасы күнүнө 1 миң жуп бут кийим чыгарууга жөндөмдүү болуп, 130 жаңы жумуш орду түзүлөт.