Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-21-10, 11:27

Таласта эки сугат канал реконструкциядан кийин ишке берилди

Талас облусунунун Бакай-Ата районундагы Кызыл-Жар менен Жалпактил сугат каналдары реконструкциядан өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 1951-жылы курулган Кызыл-Жар каналынын узундугу 11,88 чакырымды түзөт. Ал эми Жалпактил каналы мындан 67 жыл мурда курулган узундугу 13,7 чакырымга созулат.

Бул эки каналдын реабилитациялоо иштери бүткөрүлүп, жалпысынан 15 миң 694 гектар жерге сугат суу берүү жакшыртылды. Мындан сырткары, Акназаров, Биримдик жана Бакай-Ата айыл өкмөтүндөгү айыл-чарба өсүмдүктөрүн сугат суу менен камсыздоо маселелери чечилди.

Ошондой эле эки суу өлчөөчү пост жана эки көпүрө курулду.


Тектеш материалды окуу