Akchabarsearch
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 500 мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачат

Жарыяланган

2019-04-11, 05:15

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 500 мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачат

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк менен 2021-2030-жылдардын өнүктүрүү стратегиясын талкуулашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. 

Министр Каныбек Исаков жана Дүйнөлүк банктын кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгаабазар менен билим берүүнүн стратегиялык өнүгүү багыттары тууралуу талкуу жүргүзүштү. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп санариптештирүү жана компьютердештирүү болуп саналат. 

Санариптештирилген багыт багыт мугалимдердин ишмердүүлүгүн жогорулатат. 

Андан сырткары, Болормаа Амгаабазар күндүзгү окууга ылайыкталган 500 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын айыл жергесине түзүүгө даяр экенин билдирди. 


Тектеш материалды окуу