Akchabarsearch
Ветеринардык аптекаларда мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилди

Жарыяланган

2026-25-03, 10:29

Ветеринардык аптекаларда мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилди

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан республика боюнча ветеринардык аптекаларда жана дүкөндөрдө мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө дары-дармектердин сакталуу шарттары, сапаты жана сатуу эрежелеринин сакталышы көзөмөлгө алынды. Жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган жок.

Ошондой эле кызматкерлерге мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кызмат мындан ары да ветеринардык дары каражаттарынын сапатын көзөмөлдөөнү улантат.


Тектеш материалды окуу