Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, аталган кеңеш виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү, улуттук кызыкчылыктарды жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен инновациялык долбоорлорго дем берүү жана инвестицияларды тартуу максатында түзүлүүдө.
Ага бир нече милдет жүктөлөт:
- виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктоо;
- виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу;
- виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүүгө чет өлкөлүк компанияларга көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын экономикасын дүйнөлүк экономикалык процесстерге интеграциялоо;
- Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу стратегиясы;
- виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын инновациялык программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу.
Виртуалдык активдер кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу үчүн аткаруу органы катары катчылыгы түзүлөт. Катчылыкты президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору жетектейт.