Жарыяланган
2024-04-11, 11:15"Адам капиталы жана туруктуу өнүгүү" темасындагы жыл сайын өтүүчү Улуттук форумда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйылкы жылдын аягына чейин Кыргызстанда ИДПнын көлөмү киши башына болжол менен 2,5 миң долларга жетээрин билдирди.
Ал адам капиталы өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнүн негизи экенине токтолду.
"Өткөн жылы ИДП 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл 1,5 триллион сомго чейин өсүүсү күтүлүүдө. Акыркы төрт жылда жан башына ИДП эки эсеге, ал эми өлкөнүн бюджети үч жылда үч эсеге өсүп, 2024-жылы 660 миллиард сомдон ашуусу ыктымал", - деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттин бүтүндүгү, элдин биримдиги жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн салыктарды өз убагында төлөө зарылдыгын белгиледи.