
Жарыяланган
2026-20-02, 16:15Бүгүн, 20-февралда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна барып, кайра жаралуучу энергия тармагындагы ири долбоорлордун жүрүшү менен таанышты.
Алгач Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылындагы «Бишкек Солар» компаниясы куруп жаткан күн электр станциясына барды. Учурда курулуш иштери 80%га бүткөрүлдү.Бул станция жылына 600 млн кВт·саат электр энергиясын өндүрөт. Биринчи 100 МВт кубаттуулуктагы бөлүгү 2026-жылдын августунда ишке берилет.
Ошондой эле, Кызыл-Өрүк айылында «Ысык-Көл-1» күн электр станциясынын курулушу жүрүп жатат. Бул ири долбоордун жалпы кубаттуулугу 1 900 МВт болуп, инвестициянын көлөмү 1.4 млрд долларды түзөт. Станция жыл сайын 3.6 млрд кВт·саат таза энергия өндүрөт деп күтүлүүдө. Курулуш 2028-жылы толугу менен аяктайт.
Министрлер Кабинетинин төрагасы белгилегендей, мындай долбоорлор инвесторлор менен мамлекеттин ийгиликтүү кызматташуусунун жыйынтыгы болуп саналат. Өкмөт энергетика, инфраструктура жана айыл чарба тармагына инвестиция салган өнөктөштөрдү колдоону улантат.
