
Жарыяланган
2026-07-04, 17:15Ысык-Көл райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин мамлекеттик нотариусу кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди
Маалыматка ылайык, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 1976-жылы туулган К.К.К. кармалды.
Ал нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай акча каражаттарын системалуу түрдө өзү алып турган. Каражаттар мамлекеттик алымдардын белгиленген тарифтик өлчөмүнөн кыйла жогору болгон.
Мындан тышкары, нотариалдык аракеттердин татаалдыгына жараша мыйзамсыз алынган каражаттардын суммасы 1 миң сомдон 20 миң сомго чейин өзгөрүп тургандыгы аныкталган.
Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары уланууда.
