Akchabarsearch
Ушул жылдын 11 айында ИДП 9% өстү — Жапаров

Жарыяланган

2024-09-12, 12:45

Ушул жылдын 11 айында ИДП 9% өстү — Жапаров

Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатат, буга 2024-жылдын 11 айында ички дүң продукциянын көлөмү 9% өскөнү далил. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 9-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында билдирди.

"2024-жылдын 11 айында биз өнүгүү темпин сактап гана тим болбостон, аны тездетип, макроэкономикалык туруктуулукту чыңдап, келечектеги өсүш үчүн бекем пайдубал түздүк. Биз 2025-жыл биздин амбициялуу максаттарыбызга жетүүдөгү дагы ийгиликтүү этап болоруна бекем ишенебиз. Кыргызстан алдыга жылып, кыйынчылыктарды ишенимдүү жеңип, туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүп жатат,” – деди өкмөт башчы.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда 2024-жылдын январь-ноябрь айларында ИДПнын көлөмү 1 225 950,6 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 109% болду. Бул былтыркы жылдын 11 айындагы көрсөткүчтөн 104,4 % көп.


Тектеш материалды окуу

  • Ушул жылдын 11 айында ИДП 9% өстү — Жапаров

    Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатат, буга 2024-жылдын 11 айында ички дүң продукциянын көлөмү 9% өскөнү далил. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 9-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында билдирди
    2024-09-12 06:45:48