Akchabarsearch
Кыргызстандын алтын жана валюта резерви бир жылда 1,6 эсе өстү
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-03-04, 12:39

Кыргызстандын алтын жана валюта резерви бир жылда 1,6 эсе өстү

2023-жылдын май айынан бери Кыргызстандын эл аралык резервдери туруктуу өсүүнү көрсөттү. Бул убакыт ичинде сумма 2 миллиард 408,21 миллион доллардан 2,2 эсеге өскөндүгу тууралуу маалыматтар Улуттук банк тарабынан берилди.

Мындан тышкары, 2024-жылдын февралында дүң резервдер 3 миллиард 323 миллион долларды түзсө, ушул жылдын февралына карата 5 миллиард 295 миллион долларга көбөйгөн. Ошентип, өсүш 1 миллиард 972 миллион долларды, же болжол менен 59,3%ды түздү.

Ошол эле мезгилде резервдердин ликвиддүү бөлүгү да оң динамикага ээ болуп, 3 миллиард 248 миллион доллардан 5 миллиард 223 миллион долларга чейин көбөйгөн.


Тектеш материалды окуу