akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-09-09, 12:26

    «Манас» жана «Ысык-Көл» аэропортторунун системасын модернизациялоо боюнча келишим түзүлдү

    Каржы министри Алмаз Бакетаев, Япониянын элчиси Хидэки Гото жана JICA өкүлү Хироюки Кавамато ортосунда 2 млрд 153 млн иен (13,8 млн долларга жакын) суммасында гранттык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

    Долбоор “Манас” жана “Ысык-Көл” аэропортторунун аба кыймылын башкаруу системасын модернизациялоого, ошондой эле "Ош" аэропортундагы диспетчердик мунараны реконструкциялоого багытталган. Бул учуунун коопсуздугун жана потенциалын жакшыртат, ошондой эле транспорттук инфраструктураны жана аймактык байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошот.

     


    Тектеш материалды окуу