
Жарыяланган
2026-01-04, 16:361-апрелден тарта Өзбекстанда айрым товарлар жана кызматтар үчүн накталай акча менен төлөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы жазды.
Жаңы тартип президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгын ишке ашыруу алкагында киргизилди. Анын негизги максаты — өлкөдөгү көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу болуп саналат.
Эми алкоголь, тамеки, май куюучу жайлардагы төлөмдөр, 2 миң доллардан жогору болгон сатып алуулар, ошондой эле айрым мамлекеттик кызматтар жана коммуналдык төлөмдөр накталай эмес, карта же онлайн төлөм аркылуу гана жүргүзүлөт.
Транспорт жана турак жай, кыймылсыз мүлктүн 561 түрү жана (чыгарылганына 10 жылдан ашпаган) транспорт каражаттары дагы эми накталай эмес эсептешүү жолу менен гана сатылып алынат. Ошондой эле бул чектөө мамлекеттик кызматтын 56 түрүнө тиешелүү.
Жалпысынан бул чектөөлөр 28 миңге жакын товардык позицияны камтыйт, бул жалпы жүгүртүүдөгү товарлардын болжол менен 7%ын түзөт.
