
Жарыяланган
2026-16-01, 11:19Ош шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетинде Өзбекстандан алып келе жаткан 22 тонна мал тузу Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жүк чек арадагы ветеринардык инспекторлор тарабынан текшерилип, ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарына жооп бербегени аныкталган. Тактап айтканда, жүктүн ветеринардык коштоочу документтери талапка ылайык болгон эмес.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жүк «Достук» өткөрмө бекети аркылуу кайра Өзбекстанга жөнөтүлгөн.
