Akchabarsearch
Зергерчилик тармагы үчүн салыктык жеңилдиктер киргизилди

Жарыяланган

2026-15-01, 16:19

Зергерчилик тармагы үчүн салыктык жеңилдиктер киргизилди

Зергерчилик тармагы үчүн салыктык жеңилдиктер киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жана Кыргызстандын аймагына алып келинген жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат.

Мындан тышкары, мурда алып келинген же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарынын калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштырылат. Легалдаштыруу мезгилинде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгиленет.

Ошондой эле, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын сыноо жана аларга тиешелүү сынамыкты тастыктаган өзүнүн эн белгиси менен эн тамга басуу функциялары ата мекендик зергер өндүрүүчүлөргө ыктыярдуу негизде өткөрүлүп берилет (мамлекеттик сыноо эн белгисинен тышкары).

Ошол эле учурда зер буюмдары менен иш жүргүзүүдө атайын каттоого турбастан ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик киргизилди. Айып пулдун көлөмү жеке жактар үчүн – 5 миң сом, юридикалык жактар үчүн – 13 миң сом.


Тектеш материалды окуу