
Жарыяланган
2026-28-05, 10:43Жакында чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу боюнча президенттин жарлыгы чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.
Төраганын айтымында, ал чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу боюнча ИИМдин өкүлдөрү менен сүйлөшкөн. Алар жакында мыйзамдаштыруу боюнча президенеттин жарлыгы чыгарын билдиришкен.
Маматалиев билдиргендей, өлкөгө мыйзамсыз киргизилген скутерлер да болгондуктан, ал аларды да мыйзамдаштыруу боюнча сунушун берген.



