
Жарыяланган
2024-13-11, 10:23Жыл сайын биздин күнүмдүк жашообузду жеӊилдетүү менен NFC технологиясы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Өзүнүн универсалдуулугунун аркасында NFC-түзмөктөрү барган сайын колдонуучулар арасында да, ошондой эле бизнесте да популярдуу болуп, күнүмдүк тапшырмаларды технологиялык жана жагымдуу кылууда.
NFC – Near Field Communication (NFC) технологиясын колдонуу менен контаксыз төлөм жүргүзүү ыкмасы, башкача айтканда “жакын талаа байланышы”. Бул технология бири биринен анча алыс эмес аралыкта (10 см’ге чейин) турган түзүлүштөрдүн ортосунда маалыматтарды өткөрүүгө мүмкүндүк берет. NFC тез жана коопсуз маалымат алмашуу үчүн колдонулат, бул төлөмдөр жана башка транзакциялар үчүн идеалдуу.
Тез төлөм: NFC төлөм бир нече секундду гана алат. Бул, айрыкча, кардарлардын агымы көп жерлерде, мисалы, кафелерде, транспортто, дүкөндөрдө ыңгайлуу.
Жогорку коопсуздук: NFC шифрлөө жана маалыматтарды коргоонун башка протоколдорун колдонот. Мисалы, картанын маалыматтары түздөн-түз терминалга берилбейт, алардын ордуна токен – убактылуу, уникалдуу код колдонулат.
Контактсыз: Салттуу төлөм ыкмаларынан айырмаланып, NFC-түзмөктөрү терминал менен физикалык байланышты талап кылбайт.
Кеңири шайкештик жана жеткиликтүүлүк: Көпчүлүк төлөм терминалдары NFC менен иштөөгө туураланган, андыктан бул технологияны көпчүлүк соода түйүндөрүндө жана сервистерде колдонууга болот.
Убакытты үнөмдөө жана ыңгайлуулук: Капчыгыңыздан картаны же накталай акчаларды алып чыгуунун кереги жок.
Жакында MEGA мамлекеттик уюлдук операторунун MegaPay мобилдик колдонмосунун колдонуучулары да MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасына туташтырылган, билериктерди, шакектерди жана стикерлерди кошо алганда, NFC-түзмөктөрү аркылуу сатып алууларды төлөй алышат. Функциялардын мындай кеңейиши накталай эмес төлөмдөрдүн ыңгайлуулугуна жана коопсуздугуна, Кыргызстанда контактсыз төлөмдөрдү колдонуу деңгээлин жогорулатууга багытталган.
NFC төлөм функциясы контаксыз транзакцияларды колдогон каалаган POS-терминалдарда жеткиликтүү болот. Бул демек, NFC’тин жардамы менен ири супермаркеттерде жана соода борборлорунда, ошондой эле чакан кафелерде, ресторандарда жана дүкөндөрдө да сатып алууларды төлөөгө болот дегенди билдирет.
Жаңылоолорду өткөрүп жибербөө үчүн жана NFC аркылуу төлөмдү биринчилерден болуп сынап көрүү үчүн колдонуучулар MegaPay сайтында жана колдономодо жаңылыктарга көз сала алышат.
Ошондой эле, бул окуянын урматына MegaPay өзүнүн Instagram баракчасында конкурс жарыялады, ага катышып, стилдүү NFC-түзмөктөрүнүн бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Конкурстун жыйынтыгы рандомайзер аркылуу аныкталып, 29-ноябрда жарыяланат.
MegaPay финансылык башкарууну баарына ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу менен, алдыңкы чечимдерди мындан ары да жайылтууну пландоодо.
MegaPay – сиздин күнүмдүк жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!



