
Жарыяланган
2026-13-03, 10:42Мурда судья кызматын ээлеген, азыркы учурда жактоочу болуп иштеп жаткан А.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тергөө материалдарына ылайык, шектүү өзүнүн кызматтык абалын жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн акча талап кылган. Баштапкы этапта ал жабырлануучу тараптан 25 миң доллар өлчөмүндө акча алган.
Бирок андан ары дагы 7 миң долларды талап кылууну улантып, баш тарткан учурда административдик мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп сот чечимин каршылаш тараптын пайдасына өзгөртүп коркуткан.
Алдын ала пландалган ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жактоочу талап кылынган сумманын бир бөлүгүн — 437 500 сомду алып жаткан учурда кармалды.
Ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
