Akchabarsearch
Жашыл келечекке кошкон салым: Оптима Банк “Таза Карма” коомдук фондунун долбоорун колдоду
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-27-10, 13:30

Жашыл келечекке кошкон салым: Оптима Банк “Таза Карма” коомдук фондунун долбоорун колдоду

Оптима Банк эколог-активист жана “Таза Карма” фондунун негиздөөчүсү Андрей Панаевдин Ысык-Көл облусун жашылдандыруу боюнча долбоорун колдоду. Банк мөмөлүү дарактардын көчөттөрүн бөлүп берип, аларды отургузуу ишине да катышты.

Бул демилгенин эки маанилүү максаты бар: айлана-чөйрөгө кам көрүү жана жергиликтүү коомчулукту колдоо. Убакыттын өтүшү менен жаңы жашыл аймак айылдын көркүн гана ачпастан, анын тургундары үчүн да пайда алып келет.

Келечекте алынган түшүм муниципалдык кызматтардын кызматкерлерин жана кошумча социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого жумшалат.

Оптима Банк үчүн мындай долбоорлорго катышуу – жалпы максаттын айланасында адамдарды бириктирген жана коом үчүн маанилүү өзгөрүүлөрдү жаратууга көмөктөшкөн демилгелерди колдоо мүмкүнчүлүгү.


Тектеш материалды окуу