Akchabarsearch
Жеңилдетилген насыялар: дыйкандардын көйгөйү Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Жарыяланган

2026-25-02, 12:35

Жеңилдетилген насыялар: дыйкандардын көйгөйү Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Бүгүн, 25-февралда, Жогорку Кеңеште депутат Алишер Козуев дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыялар боюнча маселе көтөрдү.

Ал бул маселе боюнча Кара-Суу районунун тургундары кайрылганын билдирди.

“Бүгүнкү күндө жаз келип, дыйкандар өз иштерин баштап жатышат. Министрлер кабинети буга чейин жеңилдетилген насыяларды убада кылган. Мамлекеттик банктарга бир топ каражат бөлүнгөн. Бирок кайсы бир себептерден улам ал каражаттар толук кандуу жетишпей жатканы байкалууда. Себеби дыйкандар кезекке турушууда. Банктарга барганда жеңилдетилген насыялардын көлөмү аз болуп, дыйкандар арасында нааразычылыктар жаралууда”, — деди ал.

Эл өкүлү дыйкандардын суранычынын негизинде Финансы министрлиги менен биргеликте Кара-Суу району боюнча жеңилдетилген насыя маселесин кайрадан карап чыгууну сунуштады.


Тектеш материалды окуу