Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-14-10, 13:45

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого карата үгүт иштери башталат

Ушул жумада жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштери башталат.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, шаардык кеңештер үчүн агитация 18-октябрдан, айылдык кеңештерде 28-октябрдан тарта жүргүзүлөт.

Үгүт компаниясы 16-ноябрда эртең мененки саат 8де токтотулушу керек. Шайлоонун жыйынтыгы 8-декабрга чейин жарыяланат.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрда республиканын бардык аймактарында өтөт. 


Тектеш материалды окуу