Akchabarsearch
Жерүйдө жер алдындагы кен ишканасын курууга 180 млн доллар инвестиция салынат

Жарыяланган

2026-06-08, 13:57

Жерүйдө жер алдындагы кен ишканасын курууга 180 млн доллар инвестиция салынат

“Альянс Алтын” компаниясы Жерүй алтын кенинде жер алдындагы кен ишканасын курууга 180 млн доллар багыттоону пландоодо. Долбоор ишке ашса, жылына кошумча 1.5 тоннага жакын алтын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул маалымат Ысык-Көлдө өтүп жаткан VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда айтылды.

Долбоордун жалпы баасынын 100 млн долларын ВТБ банкы каржылайт. Жер алдындагы кенди куруу компаниянын 2026-2028-жылдарга карата жаңы инвестициялык программасындагы эң ири багыт болуп саналат.

Жалпысынан бул мезгил аралыгында “Альянс Алтын” өндүрүштү өнүктүрүүгө 240 млн доллар инвестиция салууну пландоодо. Каражат төмөнкү долбоорлорго жумшалат:

24 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭС курууга — 40 млн доллар;
алтын чыгаруучу фабриканы жаңылоого — 20 млн доллар.

Фабриканы модернизациялоо руданы кайра иштетүү көлөмүн жылына 1,3 млн тоннадан 1,6 млн тоннага чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Чакан ГЭС куруу долбооруна 25 млн доллар Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.

2026-жылдын 30-июнуна карата Жерүй кенин өздөштүрүүгө буга чейин 465 млн доллар инвестиция салынган. Жаңы долбоорлор менен кошо жалпы инвестиция көлөмү 705 млн долларга жетет.

Жер алдындагы өндүрүштүн ишке кириши менен жумуш орундары да көбөйөт. Учурда ишканада жана подряддык уюмдарда 1 миң 771 адам иштейт, алардын 97%ы — Кыргызстандын жарандары. 2028-жылга чейин кызматкерлердин саны 3 миң адамга жеткирүү пландалууда.

Компаниянын маалыматына ылайык, 2016-жылдан 2026-жылдын июнь айына чейин мамлекеттин бюджетине жана бюджеттен тышкаркы фонддорго 59 млрд сом которулган. Жаңы кен жана фабриканы жаңылоодон кийин жылдык төлөмдөрдүн көлөмү 18 млрд сомго чейин көбөйүшү мүмкүн.


Тектеш материалды окуу