Жарыяланган
2025-20-08, 18:07Жети-Өгүз районундагы мектеп-интернатынын мыйзамсыз менчиктештирилген имаратынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2003-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз районунда мектеп-интернатынын имаратынын бир бөлүгү аянты 468 кв.м. болгон жана ага чектеш, Барскоон айылында жайгашкан аянты 4847 м.кв., имараттар мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылып,«Б» ЖЧКсынын жеке менчигине сатылып кеткен.
Менчик ээси өз ыктыяры менен имараттын бир бөлүгүн жана жер участогун Барскоон айыл өкмөтүнө өткөрүп берди.