Akchabarsearch
«Жыргалаңда» 1-декабрга чейин 47 чакырым лыжа трассасын ачуу пландалууда

Жарыяланган

2026-21-10, 13:54

«Жыргалаңда» 1-декабрга чейин 47 чакырым лыжа трассасын ачуу пландалууда

«Жыргалаң» тоо лыжа курортунун биринчи бөлүгүн 2026-жылдын 1-декабрында ачуу пландалууда. Алгач эс алуучулар үчүн 47 чакырым лыжа трассасы иштей баштайт. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде «Ала-Тоо Резорт» ишканасынын өкүлү Аскат Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, келечекте «Жыргаландагы» лыжа трассаларынын узундугун 120 чакырымга чейин көбөйтүү пландалууда. Ал эми «Ала-Тоо Резорттун» үч аймагында жалпысынан 250 чакырымга жакын лыжа трассасы курулат.

Учурда курортто үчтөн алты кабатка чейинки мейманканалар курулуп жатат. Ошондой эле улуттук стилдеги шаарча жана скандинавиялык үлгүдөгү чакан үйлөр ачылат.

Курортту өнүктүрүү үчүн буга чейин 50 жер тилкеси аукционго коюлган. Анын 39у үч этапта сатылып, баарын кыргызстандык инвесторлор сатып алышкан. Калган 11 жер тилкеси курулуштун биринчи этабы бүткөндөн кийин сатыкка чыгарылат.

Курорт толугу менен бүткөндөн кийин жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл ала алат. Ошондой эле 7 миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлөт.
 


Тектеш материалды окуу