Akchabarsearch
Жөлөкпул алгандардын саны 359 миңден 152 миңге чейин кыскарды

Жарыяланган

2026-28-04, 16:35

Жөлөкпул алгандардын саны 359 миңден 152 миңге чейин кыскарды

Кыргызстанда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандардын саны акыркы жылдары 359.5 миңден 152.9 миң адамга чейин кыскарды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өткөргөн жыйында талкууланды. 

Учурда бардык жөлөкпул алуучулардын 41.6%ы ушул программага туура келет.

Жөлөкпул алгандардын саны социалдык контракт программасынын эсебинен азайганы айтылды. Бирок аны кеңейтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.

Жыйында иш менен камсыз кылуу, жакырчылыкты кыскартуу, эмгек рыногун өнүктүрүү жана миграция маселелери да талкууланды.

Маматканов социалдык саясат жөнөкөй жана иш жүзүндө натыйжалуу болушу керектигин белгилеп, 3 жашка чейинки балдарга жөлөкпул берүү боюнча президенттин жарлыгын толук ишке ашырууну тапшырды.

Ошондой эле социалдык камсыздоо, эмгек жана миграцияны бириктирген улуттук программаны иштеп чыгуу милдети коюлду. Программада ишке орноштуруу, окутуу, санариптештирүү жана калктын аялуу катмарын колдоо чаралары каралат.

 


Тектеш материалды окуу