
Жарыяланган
2025-19-12, 16:19Кыргызстанда акы төлөнүүчү кызматтардын баасы орточо 9.1%га өстү, айрыкча билим берүү кызматтары 26%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Баанын көтөрүлүшүнө 2021-жылы киргизилген мораторийдин алынганы себеп болду. Ал студенттерди колдоо жана окуу чыгымын чектөө максатында киргизилген, бирок 2024-жылдын июль айында президент бул токтомду жокко чыгарган.
Бул чечимден кийин жогорку окуу жайлар контракттын бааларын кайра карап чыгып, жогорулата башташкан.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо кызматтары 10.3%га, эс алуу жана маданий иш-чараларды уюштуруучу мекемелер 8.5%га, транспорт кызматтары 4.9%га өстү. Ресторандар жана мейманканалардын баасы орточо 2.8%га кымбаттады.
Ноябрь айынын аягына карата жылдык орточо инфляция 8.1%ды түздү.

