Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

01.10.2020, 09:00

2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык жана мобилдик тиркемелерге финансылык операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.

[news 28520]

1-октябрдан тартып идентификациядан өткөн электрондук капчык жана мобилдик тиркемелер жеткиликтүү болот.

2020-жылдын 1-октябрына чейин идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык ээлери /агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонуучулар электрондук акча системасынын операторуна же төлөм уюмунун агентине кайрыла алышат. Мында коммерциялык банктар же төлөм системасынын оператору же электрондук акчалардын банк-эмитенти электрондук акча системасынын операторунан боло алышат.

Идентификацияланган электрондук капчык – бул, ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификация жана верификация процессинен өткөн электрондук капчык.

Идентификацияланбаган электрондук капчык – бул, эмитенттин талаптарына ылайык жана ачык офертанын негизинде электрондук түзүлүштөрдүн (мобилдик телефондор, смартфондор жана башка электрондук түзүлүштөр) жардамы менен аралыктан /обочо туруп жеке адамдар тарабынан ачылган электрондук капчык.


Читать похожее