akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    19.11.2020, 08:25

    18-ноябрда бизнес-коомчулук менен мыйзам долбоорлордун демилгечилери бизнеске байланыштуу онлайн-жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү Кеңешинин сайтында маалымдалды.

    [news 30110]

    Маалым болгондой, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан 2019-жылы 1 миң 497 кылмыш иши катталган. Бул учурда 2020-жылдын тогуз ай ичинде 727 кылмыш иши катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 51.5% төмөн.

    Экономикалык кылмыштуулуктун негизинде келтирилген зыяндын көлөмү 2.3 млн сомду түзгөн, анын 78.1% кайра кайтарылган. 2020-жылдын тогуз айында келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 1 млн сомду түзгөн, анын ичинен 75.8% кайтарылган.

    Кошумчалай кетсек, жолугушуунун катышуучулары КР жаңы Кылмыш-жаза кодексин кабыл алуу маселесин карашкан, ошондой эле кодекстеги өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты ишкерлер арасында да, мамлекеттик органдарда да кеңири жайылтуу зарылчылыгын талкуулашкан.


    Читать похожее

    • 21.02.2021, 20:50:01
    • 19.11.2020, 02:25:47
    • 08.10.2020, 01:30:31