Опубликовано
30.10.2020, 08:242020-жылдын сентябрь айында Казакстандын калкы 671 миллион долларга накталай валютаны сатып алышкан. Бул тууралуу Banker.kz порталы жазды.
Ушул жылдын август айына салыштырмалуу чыгымдар 31,2%га көбөйгөн. Чыгымдардын негизги көлөмү АКШ долларын сатып алууга - 63,6%, же $ 427 млн, орус рубли - 24,9%, же $ 167 млн, евро - 11,2% же $ 75,4 млн сатып алууга багытталган.
[news 29534]
Ушул жылдын сентябрь айында теңгенин курсу бир АКШ доллары үчүн 418,29 - 431,81 теңге чегинде өзгөрүлүп турду. Сентябрдын аягында теңгенин АКШ долларына карата курсу бир айда 2,8%га солгундап, 431,81 теңгени түздү.