Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

26.02.2021, 04:00

2020-жылы ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөргө болгон экспорту 364.4 млрд $ түздү. 2019-жылга салыштырмалуу 20.9% төмөндөө болгон. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.

[news 17588]

Маалыматка ылайык, биримдиктеги өлкөлөрдүн башка мамлекеттер менен болгон товар жүгүртүүсү 622.8 млрд долларды түзгөн. Анын ичинен 258.4 млрд доллар - импорт. 2019-жылга салыштырмалуу төмөндөө 15.4% түзгөн.

Сооданын дээрлик 85% Россия мамлекети жүргүзгөн — 518.4 млрд доллар: экспорт – 304.7 млрд доллар, импорт – 213.7 млрд доллар. Казакстан 65.3 млрд долларга, Белорусия — 31.1 млрд долларга соода жүгүрткөн.

Армениянын товар жүгүртүүсү 4.7 млрд долларды, Кыргызстандыкы — 3.2 млрд долларды түзгөн.


Читать похожее

  • 21.08.2024, 23:00:14
  • 28.07.2024, 22:10:13
  • 21.07.2024, 21:45:09
  • 12.07.2024, 05:33:00