Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    04.02.2022, 08:56

    Кыргызстанда байкоо жүргүзүлбөгөн (жашыруун жана формалдуу эмес) экономиканын өндүрүш тарабынан бааланган көлөмү 2020-жылы 125 млрд. сомду же ИДПга карата 20,8 пайызды түзгөн.

    Коронавирус пандемиясына (COVID-19) байланыштуу чектөөлөрдөн улам, 2020-жылы ИДПга карата байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу 2,7 пайыздык пунктка төмөндөдү. Байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын ИДПга карата үлүшүнүн төмөндөшү дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (2,6 пайыздык пунктка), мейманканалар жана ресторандар (0,5 пайыздык пунктка), ошондой эле башка ишмердиктердин (0,2 пайыздык пунктка) чөйрөсүндө анын кыскарышы менен шартталган.

    2020-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын 2016-жылга салыштырмалуу үлүшү 3,7 пайыздык пунктка төмөндөгөн, бул анын дүң жана чекене соода чөйрөсүндө анын үлүшүнүн (3,5 пайыздык пунктка) кыскарышы менен шартталган.