Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    27.07.2020, 09:20

    2020-жылы баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо мекемелерин каржылоого 4 млрд 274 млн сом каралган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирди.

    [news 26475]

    Анын айтымында, фонд келишимдик негизде 231 мамлекеттик саламаттык сактоо мекемесин каржылайт. Анын ичинде 99 стационар, 30 жалпы дарыгерлик практика борбору, 49 үй-бүлөлүк медицина борбору, 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 34 стоматологиялык бейтапкана, Бишкек жана Ош шаарларында эки тез жардамстанциясы бар.

    «Баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөткөн мекемелерди каржылоо үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, үй-бүлөлүк медицина борборунда катталган калктын санына жараша ишке ашырылат. 2020-жылы баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөткөн мекемелерди каржылоого (6 млн 138 миң 940 адамды тейлөө үчүн) 4 млрд 274 млн сом каралган. Бүгүнкү күнгө карата баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөткөн мекемелерди каржылоого 2 млрд 420 млн сом сарпталган», - деди ал.


    Читать похожее