Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

31.08.2020, 07:00

ЕАЭБдин алкагында үчүнчү өлкөлөр менен болгон соода кызматташтыкты күчөтүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул кыргыз товарларынын чет жакка чыгуусуна дагы шарт түзөт. Муну менен катар тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылы 6.6 млрд долларга, 2023-жылы 7.2 млрд долларга жогорулайт. Бул тууралуу республиканын каржы министрлиги билдирди.

[news 27557]

Андан сырткары, товардын экспортун 2022-жылы 2 млрддан 2.3 млрд долларга жогорулатуу пландалууда. Бирок, 2023-жылга чейин кайрадан 2 млрд долларга төмөндөшү мүмкүн деген божомол бар. Экспорттун орточо номиналдык темпи 2021-23-жылдары 3.3% түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан жер-жемиш, кийим-кече, пахта, цемент, ысытуучу лампалар көп экспорттолот.

Товарлардын импорту 2023-жылга чейин 4.6 млрд доллардан 5.2 млрд долларга чейин жогорулары белгиленген.

Өлкөгө кирген мунай заттары, жаратылыш газы, кара металл жана андан жасалган буюмдардын эсебинен импорттун көлөмү орточо эсеп менен 5% жогорулайт.


Читать похожее

  • 24.03.2021, 22:15:10
  • 16.09.2020, 05:00:27
  • 31.08.2020, 01:00:06
  • 06.07.2020, 00:30:25