Опубликовано
11.09.2020, 07:00Компенсациялык төлөмдөр тууралуу Республикалык штаб маалымат таратты.
[news 27914]
«Бүгүнкү күндө медициналык кызматкерлерге жана коронавирус илдетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсациялык төлөмдөр уланып жатат. Ошентип, 11-сентябрга карата 144 медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон жана 21 үй-бүлөгө ар бирине 1 миллион сомдон төлөндү», - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова.
Белгилей кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, эпидемиялык очокто кызмат учурунда турган COVID-19 оорусун жуктурган медицина кызматкерлери жана инфекциянын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрү бир жолку компенсация алууга укуктуу.