Опубликовано
21.09.2020, 03:252020-жылдын 21-сентябрынан тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосунда авиакаттам жанданат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
[news 26133]
Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын аймагында коронавирус инфекциясын алып келүү жана жайылышын алдын алуу боюнча Ыкчам штабдын чечими менен 2020-жылдын 21-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда авиакаттамдар дайыма жүргүзүлө баштайт.
Алгачкы этапта Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча каттам жумасына бир жолу ишке ашырылат. Кыргызстан тараптан каттамдар дайыма «Avia Traffic Company» авиакомпаниясы тарабынан ар бир жума күнү учат.