Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    24.08.2020, 04:05

    Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 24-августта берилген маалыматка ылайык, 14 млрд 666 млн куб метрди түзгөн. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

    [news 27324]

    Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 480 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 282 куб метрге жетүүдө.

    Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.


    Читать похожее

    • 11.03.2021, 21:30:53
    • 17.02.2021, 21:30:25
    • 16.02.2021, 21:30:54
    • 04.10.2020, 22:40:31