akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    25.05.2020, 04:00

    Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын башкы санитардык дарыгери Жанна Пралиева 25-майдан тартып кошумча карантиндик чаралар киргизилерин билдирди.

    [news 24375]

    Анын айтымында, эки же андан көп киши чогулган жерде беткап тагынуу эрежеси сакталат. Ошол эле маалда жашоочуларга ээн-эркин үйдөн чыгууга – парктарда сейилдөөгө, дачага барууга уруксат берилет.

    Коомдук жайларда, анын ичинде коомдук транспорттордо беткап тагынуу, кол кап кийүү жана антисептикалык каражаттарды колдонуу талаптарын аткаруу зарыл.

    Башкы дарыгердин маалыматына караганда, 25-майдан тартып борбор калаада бизнес адаттагы иш графигине өтөт. Мончо жана сауналар иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө, дем алыш күндөрү 9.00дан 21.00гө чейин гана иштейт.

    Нур-Султанда той-аштарды өткөрүүгө мурдагыдай эле тыюу салынат.

    Кафе жана ресторандарда, мечит, чиркөө жана башка диний жайларда кишилердин саны 50дөн ашпоого тийиш.

    Жамааттык иш-чараларды, бүтүрүү кечелерин, акыркы конгуроо өткөрүүгө мурдагыдай эле чектөө киргизилген. Түнкү клубдар, укалоо жайлары жана СПА-салондор, спорттук комплекстер жана бала бакчалар азырынча иштебейт.

    Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 8322 кишиге жетти. Соңку бир суткада 403 кишиден вирус табылды.