Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

04.06.2020, 11:30

КР Социалдык фондунун колл-борбору 2020-жылдын январь-май айларында 23 миң 253 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

[news 24889]

Маалыматка ылайык, колл-борбору негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөрдү берүүдө.

«Үстүбүздөгү жылдын май айында колл-борборуна 2979 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 484 сайт аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.


Читать похожее

  • 02.03.2022, 01:50:28
  • 05.10.2020, 23:15:37
  • 04.06.2020, 05:30:14
  • 15.04.2020, 00:15:45