Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

15.12.2020, 08:50

2020-жылдын 1-декабрына карата жөлөкпул, кенемте түрүндөгү социалдык төлөмдөрдү 637 миң 200 адам алган. Бул тууралуу брифинг учурунда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди.

[news 30830]

Анын айтымында, 637,2 миң адамдын ичинен «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун 334 миң бала алган.

«Ай сайын 3 миң сомдун тегерегиндеги жөлөк пулду 94 миң 100 жаран алат. Жыл башынан бери кош бойлуу боюнча жөлөкпул 32 миң адамга, сөөк коюу боюнча жөлөкпул 2 миң 800 жаранга төлөнгөн», - дейт ал.

Солтонбекова кошумчалагандай, ай сайын 25 категориядагы 40 миң 100 адамга жеңилдиктердин ордуна 1 миңден 7 миң сомго чейинки каражат берилет.


Читать похожее

  • 06.05.2024, 02:20:56
  • 26.02.2024, 04:55:22
  • 26.02.2024, 00:40:55
  • 07.02.2024, 21:27:51