Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    08.02.2021, 05:00

    Ири май куюучу жайлар боюнча сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 8-февраль күнү, саат 10:40 карата АИ - 92 маркасында күйүүчү майдын баасы орточо эсеп менен 1, 34% жогорулаган.

    [news 31975]

    АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 37, 7 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда - 38, 0 сомго, суюлтулган газ - 24, 95 сомго бааланууда.

    АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 37, 5 сомду, АИ-95 - 38, 3 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 46, 5 сом менен жана Bishkek Petroleum 49, 9 сом менен сунуштоодо.

    Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 37, 5 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

    - «Партнер Нефть» - сом менен;
    - Bishkek Petroleum - 24, 5 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
    - «Газпром нефть» - 25, 4 сом менен (Бишкектеги үч май куюучу жай).