Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

18.08.2020, 09:00

Кыргызстанда көлөч, тоют, беткап чыгарган ишканалар ачылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

[news 27186]

Ал «Кепилдик фонду» тарабынан кепилдик берилген айрым ишканалар тууралуу айтып берди.

«Жакында эле Лейлек районундагы «Лейлек эркин экономкалык аймагында» көлөч чыгарган ишкана ачылды. Жыл сайын биздин өлкөгө 2 млн көлөчкө муктаждык бар. Ал ишканада жылына 300 миң көлөч чыгарылат. Ай сайын 3 миң көлөч чыгарылат. Ал өлкөдөгү муктаждыктын бир бөлүгүн жаппастан, сыртка да чыгарылат деп күтүп жатабыз. Ошондой эле жакында эле Кара-Балтада болот куйма ишканасы ачылды. Андан тышкары кой чарбасы боюнча долбоорду колдоого алып жатабыз. Койлордун бат семирүүсүнө жардам берген тоюттарды чыгаруу колго алынды», - деди ал.

Аны менен бирге ал коронавируска байланыштуу беткап чыгарган ишканага да кеилдик берилген айтып өттү.


Читать похожее

  • 18.08.2020, 03:00:44
  • 18.08.2020, 02:40:36
  • 01.02.2020, 00:00:45