Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

12.06.2023, 04:45

Быйылкы жылы “Агроөнөр жай комплексин каржылоо” долбоорун ишке ашырууга 3 млрд. сом сарпталат. Бул каражат биринчи кварталда толугу менен бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Мындан тышкары кошумча 3,8 млрд. сом каралып, 2023 - жылдын май айында толугу менен каржыланды.

“Жалпысынан 2023-жылдын 31-майына карата 6,8 млрд. сом каржыланып, анын 2,3 млрд. сому “РСК Банк” ААК тарабынан, 4,5 млрд. сому “Айыл Банк” ААК тарабынан каржыланды”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, 2023-жылдын 31-майына карата жалпы суммасы 3,6 млрд. сомду түзгөн 3273 жеңилдетилген насыялар берилген.


Читать похожее