Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.05.2020, 04:15

2020-жылдын төрт ай ичинде ААК «Айыл Банк» тарабынан 16 миң жаранга 4 млрд сомго жакын насыя берилген. Бул тууралуу «Айыл Банктын» расмий өкүлү Бактыбек Шамкеев президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда билдирди.

[news 23756]

Белгиленгендей, берилген насыялардын 81% айыл-чарбасын колдоо максатында региондорго берилген. Азыркы кырдаалга байланыштуу 5 млрд сомго жакын насыя каникулу берилген. Андан сырткары, «Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорунун алкагында фермер жана дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү улантылып жатат.


Читать похожее